18-20-декабрда президент Курманбек Бакиев Алмата шаарындагы мамлекет башчыларынын бейрасмий жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, жолугушуу маалында эл аралык саясат, мындан ары соода-экономикалык тармактагы кызматташтыкты кеңейтүү, аймактык коопсуздукту чыңдоо маселелерин талкуулоо каралууда. Бейрасмий жолугушууга Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия, Тажикистан жана Түркмөн мамлекеттеринин башчыларынын катышуусу күтүлүүдө. (AJ)