Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Өнүктүрүү боюнча агенттик “Кыргызалтынды”реформалайт


17- декабрда Өнүктүрүү боюнча агенттигинин жетекчиси Максим Бакиевдин төрагалыгы астында Өнүктүрүү корунун Директорлор кеңешинин отуруму болуп өттү. Анда, айылчарба өндүрүүчүлөрүн микрокредиттөө, “Кыргызалтын” ААКын реформалоо, Камбарата-2 ГЭСинин биринчи гидроагрегатынын курулушун жана ишке киргизилишин каржылоо, “Манас” Эларалык аэропорту “ ААКынын мамлекеттик пакет акцияларын башкаруу жөнүндөгү маселе каралды.

“Өнүктүрүү корунун микрокредиттик компаниясын түзүүнүн максаты агрардык секторду өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү, жеткиликтүү каржылоо аркылуу элет жеринде жашагандардын жана фермердик чарбалардын турмуш жыргалчылыгын жогорулатуу”,-деди М.Бакиев.

Өнүктүрүү фондусунун жетекчилиги астында “Кыргызалтын” ААКын реформалоо боюнча Өнүктүрүү боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары Алексей Елисеев айтып берди. Анын айтымында, “Кыргызалтын” компаниянын ишмердүүлүгүнүн натыйжасы болбогон булактардан бир кыйла кирешелерди табат. Ошол эле учурда “Акционердик коомдун ишканаларынын негизги ишмердүүлүгү анчалык натыйжалуу эмес. Ушуга байланыштуу “Кыргызалтын” ААКын реорганизациялоо боюнча концепция иштелип чыкты. Биринчи этабында башкаруунун корпоративдик структурасын эске алуу менен компаниянын уюштуруу структурасын реформалоо сунуш кылынат.Экинчи этабында ишканадан профилдик эмес активдерди бөлүп, ушундай жол менен ишкананын балансын тазалоо пландаштырылууда. Үчүнчү этабында биз продукцияны өндүрүү жана реализациялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтулабыз”,-деди Алексей Елисеев.
Жыйынтыгында ишкананын акцияларын Өнүктүрүү фондусунун башкаруусуна которуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Өнүктүрүү корунун Директорлор кеңешинин отурумунда .Камбарата-2 ГЭСи улуттук долбооруна 40 млн.доллар өлчөмүндө транш бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.Ошентип, Өнүктүрүү кору “Электр станциялары” ААКнын ГЭСтердин курулушун кредиттөө боюнча өтүнүчүн орундатты.

Директорлор кеңешинин отурумунда эларалык автоташуучунун акцияларын Өнүктүрүү корунун ишеним башкаруусуна берүү боюнча чечим кабыл алынды. Белгилей кетчү нерсе, “Манас” эл аралык аэропорту “ ААКнын акцияларынын көзөмөлдөөчү пакети мурдакыдай эле мамлекеттин көзөмөлүндө калат . Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Өнүктүрүү корунун компанияны башкаруу процессине тартуу аркылуу корпоративдик башкаруу , ошондой эле акционердик коомдун дивиденттик саясаты жакшырат деп эсептешет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымат таратты. (AJ)

XS
SM
MD
LG