Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Казакстанда жол кырсыгынан кыргызстандык 4 жаран жабыркады


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин нөөмөт бөлүмүнөн “Азаттыкка” тастыкташты. Маалыматка караганда, 16-декабрда Караганды облусунун Абай районунун 958 чакырымында Алматы-Екатеринбург каттамы менен жүргүнчүлөрдү ташып бараткан айдоочу Ш.Мамедов башкарган «Sentra» мамлекеттик № (Х473ВХN) жолдон оодарылып кетип, жаракат алган 7 жүргүнчү, алардын арасында эки жаш бала Карагандыдагы ооруканага жеткирилген. Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта, автокырсыктан беш адам жабыркап ооруканага жеткирилген. Алардын төртөө Кыргызстандын жараны болгон. Алар: А.А.Николаев 1984 ж.т., К.Р.Адомова 1980 ж.т., Д.Т. Орозалиев 1975 ж.т., Г.К.Алиева 1981 ж.т., М.К.Алиева 2004 ж.т. жана М.К.Алиева 2001 ж.т. (AJ)

XS
SM
MD
LG