Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:54

Лицензиялык талапка жооп бербеген жогорку окуу жайлар жабылууда


Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясы бүгүн лицензиялык нормативдерге жооп бербеген 14 окуу жайында билим берүү ишмердигин токтотууну чечти. Мындай окуу жайлардын тизмесинде ЕККУ академиясы, Укук жана мамлекеттик кызмат боюнча Кыргыз-казак академиясы, Москва мамлекеттик экономика, статистика жана информатика университетинин Бишкектеги институту, Кибернетика жана маалымат технологиялары институту ж.б. бар. Министрликтин чечими менен жабылган окуу жайлардагы студенттер башка окуу жайларга которулуп окумакчы.

Билим берүү министрлиги ушул жылы май айында жогорку окуу жайларында билим берүүнүн лицензиялык талаптары кандай сакталып жаткандыгын текшерип чыгып, бир катар окуу жайларда лицензиялык нормативдер бузулуп жатканын аныктаган. Отуздан ашык жогорку окуу жайына кемчиликтерди жоюу жөнүндө эскертүү берилип, аны аткарууга үч ай убакыт берилген. Андан кийин ноябрь айында жүргүзүлгөн текшерүү бир топ окуу жайларында кемчиликтерди оңдоого талаптагыдай чара көрүлбөгөнүн көрсөттү.

Билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев коллегияда сүйлөгөн сөзүндө лицензиялык нормативдерди сактоо жогорку билимдин сапатын кармоо гарантиясынын башкы механизмдеринин бири экенин жана окуу жайдын мамлекет жана коом алдындагы абийир көрсөткүчү экенин баса белгиледи.

Коллегия ошондой эле лицензиялык нормативдик кемчиликтер орун алганы үчүн 15 окуу жайынан баардыгы жетимиштен ашык адистик боюнча лицензияны кайтарып алды. Мындан сырткы дагы 17 окуу жайында 67 адистик боюнча лицензиянын күчү үч айга убактылуу токтотулду. (AJ)

XS
SM
MD
LG