Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

Израиль Освенцимдеги белгилүү жазуунун уурдалышына кыжырдануу билдирди


Польшанын аймагындагы мурдагы нацисттик лагер - Освенцимдин “Эмгек эркин кылат” деген белгилүү жазуусу уурдалып кеткени кечээ таңда белгилүү болду. Кезинде Освенцимде камакта отургандардын колунан чыккан ал жазуу нацисттер тарабынан Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда алты миллиондой жөөттүн кырылуусунун же Холокостун символу болуп калган эле. Израилдин өкмөт башчысынын орун басары Сильван Шалом жазуунун жоголуусун “жийиркеничтүү кылмыш” деп атады. Окуя боюнча учурда Польшанын полициясы иликтөө жүргүзүүдө. Мурдагы Освенцим лагери азыр мемориалга айланган. 1940-45 –жылдардын аралыгында ал жерде бир миллондой туткун, негизинен жөөттөр жок кылынган.

XS
SM
MD
LG