Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:53

Ошто 2 салыкчынын үстүнөн кылмыш иши козголду


Ош шаарынын Каржы полициясынын жетекчиси Гүламжан Анарбаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, Ош шаардык салык кызматынын сектор башчысы жана улук инспектору кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, “Арсо” ишканасынын директору Махамаднаби Тухтасиновдун документтерин мыйзамсыз тууралап, мамлекетке 300 миң сомго жакын зыян келтирген. Учурда үчөөнүн үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды. Эки салыкчы эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен бошотулду. Ишкер Тухтасинов мурда да шылуундук кылганы үчүн издөөдө жүргөн, азыр ал Өзбекстанда жашырынып жүргөндүгү аныкталды. Жарандык коомдун өкүлдөрүнүн белгилешинче, ири өлчөмдөгү каражаттарды жок кылган, же салыкты жашырган окуялар арбын, бирок алардын айрымдарынын бети ачылганы менен кылмыш иштери сотко жетпей жабылып келатат. (ATo)

XS
SM
MD
LG