Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Г.Павлюк алтынчы кабаттан колу-буту байланып ыргытылган


Бул тууралуу Алматыга барып, ооруканада жаткан журналист Геннадий Павлюктун абалын билүү үчүн кетишкен жарандык коомчулуктун өкүлдөрү “Азаттыкка” билдиришти.

Журналисттин абалын билүү үчүн кыргызстандык жарандык коомчулук “Ата-Мекен” партиясынан Алмамбет Шыкмаматовду, “Интербилим” уюмунан Гүлнара Жороеваны жана адвокат Нурбек Токтакуновду жөнөтүшкөн болчу. Алардын айтымында, белгилүү журналист Г.Павлюкка байланыштуу кылмыш ишин Казакстандын Ички иштер министринин орун басары өзү жетектеп жатат. Казакстандын милициясы ошондой эле Г.Павлюк алтынчы кабаттан буту-колу байланган абалда ыргытылганын билдиришкен.

Геннадий Павлюк “Ак кеме” (Белый пароход) аттуу интернет гезитин түзгөн. Орусиянын “Аргументы и факты”, “Комсомольская правда” гезиттери менен иштешип келген. “Ата мекен” партиясынын төрагасы “Азаттыкка” билдиргендей, Алматыга кетерден мурда ал Г.Павлюк менен жаңы медиа долбоор тууралуу сүйлөшкөн. (IJz)

XS
SM
MD
LG