Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:52

Копенгаген саммитинин катышуучулары мунасага келишти


БУУнун Копенгагендеги конференциясы жыйынтыктоочу документти жактырды. Жыйын катышуучулары АКШ жана бир катар ири мамлекеттер тарабынан сунушталган документке макулдугун билдирген резолюция кабыл алышты. Анын алдында бир катар өнүгүп келаткан өлкөлөр келишимди четке кагышкан. Боливия, Венесуэла, Судан өңдүү өлкөлөр келишимде белгиленген жер абасынын ысышына каршы күрөшүү аракеттери жетиштүү эмес деп сындашкан. Эки жумага созулган саммит бир топ пикир келишпестиктер менен коштолду. Булганыч газдардын атмосферага бөлүнүп чыгышын кыскартуу чараларына кетчү чыгымдарды бөлүштүрүү маселеси өзгөчө көп талаш-тартыш жараткан.

XS
SM
MD
LG