Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Исаков, Жекшенкулов иши келаткан аптада уланат


Белгилүү саясий ишмерлер, оппозициянын көрүнүктүү өкүлдөрү, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов менен мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун иштери келаткан аптада улантылмакчы. А.Жекшенкуловдун соту 24-декабрда Бишкек шаардык Биринчи май райыондук сотунда болот. Ал эми И.Исаковдун соту Бишкек аскер горнизондук сотунда 25-декабрда уланат.

А.Жекшенкулов бийликтен кеткенден кийин оппозицияга барып кошулуп, көп өтпөй ага карата министр кезинде кызматынан кыянат пайдаланган деген жүйөө менен кылмыш иши козголгон. Ушул жылы март айында анын өкмөттөн белекке алган тапанчасынан түрк ишкери атылган деген негиз менен А.Жекшенкулов камакка алынып, беш айдан кийин үй камагына чыгарылган.

Ал эми И.Исаков былтыр өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезинде өз каалоосу менен кызматтан кетип, президенттин саясатын сындап чыккан. Өзүнүн кызматтан кеткенин ал президенттин үй-бүлөлүк башкаруусунун барган сайын күчөп кеткени менен байланыштырган. Көп өтпөй ага да кылмыш иши козголуп, министр болуп турган кезинде кызматынан кыянат пайдаланган деген айып тагылган.

Булардан тышкары оппозициялык маанайдагы Сапар Аргынбаев, Эркин Бөлөкбаев, Уран Рыскулов, Кубанычбек Кадыров сыяктууларга да кылмыш иштери козголуп, үчөөсү камакта жатса, президенттик шайлоо маалындагы Балыкчы окуясы боюнча айыпталган К.Кадыров качууга аргасыз болгон. Кылмыш иштери козголуп, анын айынан чет мамлекеттерде жашоого аргасыз болгон Равшан Жээнбеков, Урмат Барктабасов, Эдил Байсалов, Акыл Жумабаев сыяктуулар да бар. Жан коопсуздугуна байланыштуу Бакыт Бешимов, Өмүрбек Абдрахманов, Кубатбек Байболов сыяктуу белдүү саясатчылар да өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. (IJz)

XS
SM
MD
LG