Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

НАТО Ооганстандын жаңы өкмөт курамын колдоого алды


НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Ооганстандын президенти Хамид Карзай түзүп, парламентке сунуштаган өкмөттүн жаңы курамын колдой турганын билдирди. Расмуссендин атынан таратылган билдирүүдө ооган эли «чынчыл жана кесипкөй» өкмөткө ээ болууга татыктуу экени, кабинет болсо өз кезегинде коррупцияга каршы күрөштө өзүн көрсөтөөрүнө ишенич бардыгы айтылган.

Сунуш кылынган министрлердин арасында Батыш өкмөткө кошулса деген адамдар да бар. Ал эми коррупциялык иштерге тиешеси бар деп айтылып келаткан эки министр жаңы өкмөттүн курамына киргизилген жок.

XS
SM
MD
LG