Президент сунуш кылынган 25 министрдин жарымы жаңы адамдар экенин белгилеп, өкмөт эми Ооган элине ак кызмат өтөп, коррупцияга каршы күрөшкө ишеним туулганын айтты.
Батыш да жаңы өкмөткө үмүт байлайт
Бүгүн – 20декабрда Кабулда Бельгиянын премьер-министри Ив Летерми менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында президент Хамид Карзай коррупцияга каршы күрөштө жаңы адамдарга ишеним чоң болуп турганын айтты.
Өз кезегиндеИ.Летерми да жаңы өкмөттүн курамын жогору баалады, андан тышкары ал буга чейин анын мамлекети Ооганстанга 500 аскер жөнөткөнүн эске салып, мындан ары да жардам берүү улантыла турганына ишендирди.
Мындан мурдарак НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен президент Х.Карзай түзүп, парламентке сунуштаган өкмөттүн жаңы курамын колдой турганын билдирген. Расмуссендин атынан таратылган билдирүүдө ооган эли «чынчыл жана кесипкөй» өкмөткө ээ болууга татыктуу экени айтылып, кабинет эми коррупцияга каршы күрөштө өзүн көрсөтөөрүнө ишенич айтылган.
Коррупция жана чарбасыздык
Быйыл кайра президенттикке шайланган Х.Карзайды мамлекетти башкаруудагы кемчиликтери жана өлкөдөгү гүлдөп турган коррупция
Эми бул ирет Батыш алардын иштерин жогору баалаган Коргоо, Ички иштер жана Каржы министрлери өз ордуларында калышты.
Ал эми коррупциялык иштерге тиешеси бар делип келаткан Кен байлыктар министри, ошондой эле, Ажы министри жаңы өкмөттүн курамына киргизилген жок.
Бирок адам укуктары жаатында сынга алынып келаткан Энергия жана суу министри Исмаил Хан өз ордунда калды.
Гендерчи?
Министрлердин катарында бир гана орун - Аялдардын иштери боюнча министрлик аял кишиге тийди. Бирок Х.Карзай орун басарлардын көбү аялдардан дайындаларын айтууда.
Батыш да жаңы өкмөткө үмүт байлайт
"Кызматташуу уланат". Бельгиянын премьер-министри Ив Летерми менен Ооган президенти Кабулда. 20-декабрь, 2009-жыл
Жаңы өкмөткө өлкөдөгү баардык улуттардын өкүлдөрү кирди. Эми талапкерлер парламенттин элегинен өтүшү керек. Бүгүн – 20декабрда Кабулда Бельгиянын премьер-министри Ив Летерми менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында президент Хамид Карзай коррупцияга каршы күрөштө жаңы адамдарга ишеним чоң болуп турганын айтты.
Өз кезегиндеИ.Летерми да жаңы өкмөттүн курамын жогору баалады, андан тышкары ал буга чейин анын мамлекети Ооганстанга 500 аскер жөнөткөнүн эске салып, мындан ары да жардам берүү улантыла турганына ишендирди.
Мындан мурдарак НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен президент Х.Карзай түзүп, парламентке сунуштаган өкмөттүн жаңы курамын колдой турганын билдирген. Расмуссендин атынан таратылган билдирүүдө ооган эли «чынчыл жана кесипкөй» өкмөткө ээ болууга татыктуу экени айтылып, кабинет эми коррупцияга каршы күрөштө өзүн көрсөтөөрүнө ишенич айтылган.
Коррупция жана чарбасыздык
Быйыл кайра президенттикке шайланган Х.Карзайды мамлекетти башкаруудагы кемчиликтери жана өлкөдөгү гүлдөп турган коррупция
Х.Карзай коррупцияга аралашты делген Кабулдун мэри Абдул Ахад Сахидини бул ирет коргоого алып, бүгүн аны «таза жана чынчыл» чиновник катары баалады. А.Сахиди 8-декабрда маалымат жыйын курган.
үчүн Батыш мамлекеттеринин сынына кабылып келатат. Эми бул ирет Батыш алардын иштерин жогору баалаган Коргоо, Ички иштер жана Каржы министрлери өз ордуларында калышты.