Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:15

“Кумтөрдө” жол кырсыгынан бир адам каза болду


20-декабрда “Кумтөрдөгү” кен иштетүүчү жайда курамында алтын бар топуракты ташый турган КАП үлгүсүндөгү автоунаа менен жумушчуларды ташыган автоунаа кагышкан. Андан 36 жаштагы Жети-Өгүз районунун тургуну Николай Корсунов мерт кетти. Бул тууралуу “Карек” коомдук уюмунун төрайымы Эркингүл Иманкожоева “Азаттыкка” билдирди. Кечээ саат кечки алтылар чамасында болгон бул кырсыктан алты адам оор жаракат алганы кабарланып жатат. “Буга байланыштуу “Кумтөр” эки күнгө ишин токтотуп, аза күтүү жарыялады. Бирок кырсык тууралуу коомчулукка кеңири маалымат берилбей жатат,” – дейт Э. Иманкожоева. “Кумтөрдүн” Бишкектеги кеңсесинен “Азаттыкка” учурда кырсыктын себептери иликтенип атат деген жооп айтышты. Бул тууралуу компаниянын расмий билдирүүсү бүгүн түштөн кийин чыгат. (EK)

XS
SM
MD
LG