Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Иранда оппозициянын лидерине кол салынды


Ирандагы оппозициялык интернет-баракча кабарлаганына караганда, оппозициянын лидери Мирхусейн Мусави динаятчы аятолла Хусейн Али Монтазерининин тажиясынан кайтып келатканда, мотоцикл менен келген белгисиз бирөөлөр тарабынан чабуулга кабылды. Саясатчыны коштоп жүргөн адамдардын бирөө жаракат алды.

Кечээ Кум шаарында оппозициялык динаятчыны жерге беришкен. Оппозициянын тарапкерлери азыркы бийликке, президент Махмуд Ахмединежадга каршы билдирүүлөрдү кыйкырып жатышты. Өлкөдө оппозиция президентти быйылкы шайлоонун жыйынтыктарын бурмалады деп айыптап келет.

XS
SM
MD
LG