Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

Иран атомдук курал жасоо максаты жок экенин айтты


Президент Махмуд Ахмединежад анын өлкөсү атомдук курал жасап жатканын күбөлөндүргөн документтин чын экенин жокко чыгарды. Өткөн аптада “Time” басылмасы 2007-жылга таандык документ журналисттерге түшкөнүн, ага ылайык, Иран төрт жылдык мөөнөткө атомдук курал жасоону пландаштырып жатканын жазган эле. Ахмединежад америкалык телеканалдан сүйлөп жатып, ал маалыматты “жалган” деп атады. Батышта айрым мамлекеттер Тегеран атомдук курал жасаш үчүн уран байытып жатат деп кооптонушат. Иран болсо бул айыптоолорду четке кагып, уранды байытуу жайчылык максатта гана колдонулуп жатканын айтып келүүдө.

XS
SM
MD
LG