Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:08

Таласта СПИД дартына чалдыккандар көбөйдү

Таласта СПИД оорусу менен 2006 - жылы бир адам катталган. Ушул жылдын башында СПИД оорусуна чалдыккан адамдардын саны облуста 9 киши болсо жакында, ноябрь айынын этегинде бул илдетке чалдыккан адамдардын саны 13 кө жеткен. Облустук СПИДке каршы күрөшүү борборунун дарыгерлеринин “Азаттыкка” берген бүгүнкү маалыматы боюнча, ушул айда дагы 2 адам СПИД оорусуна чалдыкканы аныкталды. Жалпысынан алганда айыкпас оору башына түшкөндөрдүн он бири эркек, анын ичинде бир жаш бала жана төрт аял киши. (UA)

XS
SM
MD
LG