Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

25-декабрда Балыкчы окуясы боюнча сот өкүмүн угузат


Бул тууралуу Ысык-Көлдөгү кабарчыбыз билдирди. Маалыматка караганда, кечээги он минутага созулган соттук отурумда айыпталуучулар акыркы сөздөрүн айтышып, судья Болот Дүйшөнбиев аларга өкүм 25-декабрда угузуларын жарыялады.
Үстүбүздөгү жылы 23-июлдагы президенттик шайлоодо добуш берүү мыйзам бузуулар менен өтүп жатканына нааразылыгын билдирип, жергиликтүү администрацияга келген 20дан ашуун кишини милиция камакка алып, аларга “шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылган, конституциялык түзүлүшкө шек келтирген, баш-аламандык уюштурган” деген айып таккан. (AJ)

XS
SM
MD
LG