Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Кыргызстан-Орусия аскер кызматташуусу 2010- жылы күчөшү ыктымал


Кыргызстан менен Орусия аскер жаатында кызматташуу келишимине 2010-жылдын башында кол коюшу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов журналисттерге маалымат жыйын өткөргөн учурда билдирди. Элчинин айтымында, тиешелүү иш-кагаздардын баары даяр жана ал Орусиянын Коргоо министрлигине тапшырылган.
Үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда Чолпон-Ата шаарындагы бейформал саммиттен кийинки кыргыз-орус президенттери тарабынан Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын аскер базасын ачуу маселеси сүйлөшүлгөн. Орус-кыргыз тараптарынын ортосунда жетишилген меморандум түзүлөрү менен коомчулуктун, андан тышкары коңшулаш мамлекеттердин бийлиги менен саясатчыларынын кызуу талкуусуна алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG