Ушул аптадагы парламенттик шайлоону утурлай Өзбекстанда адам укугун коргоочу активисттерге куугунтук күчөгөнү тууралуу бүгүн баш кеңсеси АКШда жайгашкан Фридом Хаус уюму билдирди. Ага катар аталган уюм расмий Ташкентти жарандык коомго каршы багытталган катаал жана узактан берки репрессиясын өзгөртүү боюнча кандайдыр бир ишенимдүү чара көрбөгөнү үчүн да айыптады. Фридом Хаустун алдында ушундай эле маанайдагы билдирүүнү Хьюман Райтс Уочт уюму да жасаган. Өзбекстандагы парламенттик шайлоо алдыдагы жекшемби күнү өтөт. Өлкө парламенти – Олий Межлистин төмөнкү палатасындагы 150 мандаттын 15и автоматтык түрдө Өзбекстандын Экологиялык кыймылына берилмекчи. Шайлоого катышууга расмий каттоодон өткөн төрт гана партияга уруксат алган. Оппозициядагы партиялар болсо мурдагыдай эле шайлоого катыштырылган жок.