Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Усама бин –Ладендин үй бүлөсү Иранда жашайт


Бул тууралуу Британияда чыгуучу гезиттер жазып чыкты. “The Times” басылмасынын ырастоосуна караганда, “ал-Каида” лидеринин жакын туугандары, атап айтканда анын аялдарынын бири, алты баласы жана он бир небереси соңку сегиз жылдан бери Тегеранда, кайтаруу алдында жашайт.

Кабарларга караганда, алар Ооганстандан 2001-жылы кетүү менен Ирандан башпаанек табышкан. Усама бин Ладендин улуу балдарынын бири Омар бин-Ладен “The Times” басылмасына Айман ысымдуу карындашы ноябрда Сауд Аравиянын Тегерандагы элчилигине качып келип, телефон чалганга чейин бир туугандары жөнүндө эч нерсе билбегенин айткан.

Ал эми Сауд Аравиянын Тегерандагы ыйгарым укуктуу өкүлү Лондондо араб тилинде чыгуучу “Ашарк аль –Авсат” басылмасына Айман бин Ладен элчиликтин коногу экенин жана Ирандан кетүүнү көздөп жатканын маалымдаган.

Тегеран бин-Ладендин туугандары Ирандын аймагында жашайт деген маалыматтарды буга чейин такай төгүндөп келген.

XS
SM
MD
LG