Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

ЕККУ: Кыргызстанда ММК коопсуздугу тынчсыздандырат


Массалык маалымат каражаттардын эркиндиги боюнча ЕККУнун өкүлү Миклош Харасти кыргыз бийлигин ММКга карата коркутуп-үркүтүүлөргө көңүл бурууга чакырды. Мындай чакырык тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевдин атына жөнөтүлгөн билдирүүдө айтылат. Билдирүүнү Харасти мырза кечээ жакында журналисттердин сабалып, Алматыда Геннадий Павлюктун өлтүрүлүшүнөн кийин жасап отурат. “Акыркы кезде Кыргызстанда жазмакерлердин токмоктолушу күчөдү. Журналисттердин коопсуздук маселеси кризиске такалгандыгын кыргыз бийлиги моюнга алып, алардын сабалышын жөнөкөй гана кылмыштуулук деп караганды токтотуусу зарыл”,- деп айтылат билдирүүдө. Харасти мырза декабардын ортосунда “БлатИнфо” маалымат агенттигинин кабарчысы Александр Евграфовдун, “Ош шамы” гезитинин кабарчысы Кубаныч Жолдошевдин жана башкалардын ур-токмокко кабылышын мисалга келтирген. Катта ошондой эле Кыргызстанда ушул жылы эки журналист өлтүрүлүп, жетөө сабалганы, бул иштердин биринин да бети ачылбагандыгы айтылат. (AiJu)

XS
SM
MD
LG