Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Хельсинки комиссиясы кыргызстандык журналисттин өлтүрүлүшүн кылдат иликтөөгө чакырды


АКШ сенатору Бенжамин Л. Кардин, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (АКШ Хельсинки комиссиясы), АКШ Конгрессинин тең төрагасы Элси Хастиңс Казакстанда көз жумган, кыргыз бийлигин сындаган журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө карата бул чакырыкка кошулган. “Мен журналисттин өлүмүнө анын расмий бийликти сындаганынын себеби бар-жогуна карабастан, кыргыз өкмөтүн кылмышты иликтөө иштерине толук кол кабыш кылууга үндөйм. Бишкектеги репрессиянын өрчүп баратканына өз кооптонуумду билдирем”, деген АКШ Коңгрессини тең төрагасы, “Казакстанды 2010-жылы ЕККУга төрагалык кылган мөөнөттө сөз эркиндигин артыкчылык катары кароого чакырам” деп кошумчалайт.

2009-жылы дүйнө жүзүндө 69 журналист көз жумса, андай каргашалуу окуялар ЕККУ аймагына кирген беш өлкөдө да орун алган. (GA)

XS
SM
MD
LG