12 адам кечээ Хилла шаарындагы эки башка жардырууда набыт болгонун жергиликтүү полиция кабарлады. 90дой киши жаракат алган. Бул учурда шаарда шийилердин башкы диний майрамы – Ашурага – даярдыктар көрүлүп жаткан экен. Ал аралыкта “Ассошиэйтед пресс” малымат агенттиги Багдаттын шийилер отурукташкан Садр калаасында да жарылуу болуп, андан кеминде беш киши өлгөнүн билдирди.