Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:06

“Азаттык” үналгысы жылдын мыкты маалымат каражаты деп аталды


Көз карандысыз “Назар” гезити “Азаттык” үналгысын жылдын мыкты маалымат каражаты деп атады. Мындай жогорку баага "Азаттык" үналгысы өлкөдөгү окуяларды так, калыс жана таамай чагылдырган өрнөктүү ишмердиги үчүн татыктуу болду. "Назар" гезити жарыялаган билдирүүдө "Азаттык" чагылдырган маалыматтардын "миңи болбосо да, тогуз жүзү так айтылган чындык экени", көптөгөн тоскоолдуктарга карабай, "тосмодон агып чыккандай", “Азаттык” сүйүктүү угармандарына жол таап, уктурууларын жеткирип келатканы баса белгиленген.

“Азаттыктын” эмгек жамаатын кубанычка бөлөгөн окуялар жаңы жылдын алдында көп болууда. “Замандаш” журналынын тандоосу боюнча Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев “Жылдын өнөр табылгасы” атагына ээ болду, “Кыргыз руху” гезитинин тандоосу боюнча Жаркын Темирбаева “Жылдын мыкты укук коргоочусу” болуп аталды. “Эркин Тоо” гезити акын Кожогелди Култегинди “Жылдын мыкты инсандарынын” тизмесине киргизди. Аманбек Жапаров менен Ысык-Көлдөгү кабарчыбыз Рита Борбукеева адам укуктарын коргоо жаатындагы журналисттик өрнөктүү ишмердиги үчүн Акыйкатчынын Ардак Грамотасы менен сыйланды.

“Азаттык” үналгысы Кыргызстанда үналгы, сыналгы жана интернет айдыңында аракеттенген эл аралык мултимедиялык маалымат каражаты. “Азаттык” өзүнүн ишмердигинде биринчи кезекте демократиялык түзүлүштү жана адам укуктарын жактайт, ошол эле учурда эч кимдин, эч бир саясий топтун таламын талашпайт, бардык маселелерде бейтарап турум менен иштейт.

XS
SM
MD
LG