Линктер

шейшемби, 23-май, 2017 Бишкек убактысы 18:54

Усама бен Ладендин кызы Иман Тегеранда


«Ал-Каида» террордук уюмунун лидери Усама бен-Ладендин кызы Иман Сауд Арапстандын Тегерандагы элчилигинде. Мындай маалыматты Ирандын Тышкы иштер министри Манучер Моттаки Сауд Арапстандын дипломатиялык миссиянын кызматкерлерине шилтеме жасап, билдирди. Анын айтымында, Ирандын бийликтерине бен Ладендин кызы кандай жол менен өлкөнүн аймагына, андан элчиликтин ичине киргени белгисиз,
Мындан мурда айрым маалымат каражаттарына бен-Ладендин калган балдары дагы Ирандын аймагында болушу ыктымал деген маалыматтар чыккан болчу. Министр Моттаки аны комментарийлеген жок.

XS
SM
MD
LG