Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

Түштүк- Чыгыш Азияда цунами курмандыктарын эскеришүүдө


Мындан туура беш жыл мурда ушул күнү Инди океандан чыккан өтө күчтүү цунамиден 230 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Индонезиянын Ачех провинциясындагы мечиттерде бүгүн анда каза тапкандардын арбагына багышталып куран окулду. Ачех провинциясы ошондогу цунамиден эң көп жабыр тарткан эле. Бир мүнөт унчукпай туруп, эскерүү жөрөлгөсү Таиланддын өтө таанымал Пхукет курортунда да өткөрүлдү. Деңиздин түбүндө күчү 9,3 баллга жеткен жер титирөөнүн натыйжасында чыккан ошол цунами азыркы замандын эң ири жаратылыш кырсыктарынын бири болгон.

XS
SM
MD
LG