Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

Нарында ачкачылык кармагандардын үстүнөн сот өкүмү чыкты


Мал уурулук жана тоноочулук кылган деп шектелген жарандар Мирлан Сыдыков менен Марс Ыбрайымкуловдун үстүнөн Жумгал райондук соту тарабынан соттук териштирүү болуп, Мирлан Сыдыков боюнча кылмыш иш толук далилденбегендиктен кайра тергөөгө жиберилди. Ал эми Марс Ыбрайымкуловду 7 жыл эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыкты. Мындай маалыматты жактоочу Канат Кыдырмаев «Азаттыкка» билдирди. Бул эки жаран мурда ушул эле Жумгал райондук соту тарабынан соттолуп, иш Жогорку Соттон бузулган эле. Кийин иш кайрадан Жумгал райондук соту аркылуу каралаары дайын болгондо экөө тең Нарын шаарындагы тергөө абагынан 12,13-декабрь күндөрү ачкачылык жарыялашкан болчу. (KUs)

XS
SM
MD
LG