Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Президенттин Катчылыгы ММКларды биригүүгө чакырды.


Журналисттердин коопсуздугуна байланышкан маселени ММК жана бейөкмөт уюмдар биригип иш алып баруу менен гана чечсе болот. Мындай пикирин 26-декабрда ММК менен атуулдук коомчулук өкүлдөрүнүн жолугушуусунда Катчылык өкүлү Илим Карыпбеков билдирди:

“Бүгүнкү күндө көптөгөн журналисттер өз кыйынчылыгын жалгыз өзү гана тартып калган. Бейөкмөт уюмдар менен ММК ортосунда тилектештик жокко эссе. Учурда бизге биригүү керек болуп турат. Биз баардыгыбыз бирдей деңгээлде сүйлөп, коопсуздук маселеси чыкса бирге чечүүгө өтүүбүз керек,”-дейт Илим Карыпбеков.

Ошол эле учурда ММК үстүнөн арыз-даттанууларды кароо комиссиясынын башчысы Александр Кулинский учурда журналисттер бейөкмөт уюмдар менен эмес бири бири менен кызматташуудан алыс деп билдирди: “Бизде азыр мындай жыйындар да базарга айланып кетти. Көпчүлүк эле уюмдар эптеп иш чара өткөрдү белгисин коюп жатат. Мына ЕККУ да бүгүн өзүнүн отчетуна белги коёт. Болгону белги гана. Журналисттер уюмдарга ишенбей калган”.

Белгилеп кетсек 26-декабрда Бишкекте ЕККУ Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу бейөкмөт уюмдар менен ММК өкүлдөрүн биригип иш алып барууга чакырган жыйын курган эле. Анда ЕККУ Кыргызстанда 2010-жылы журналисттердин коопсуздугун артыкчылык максат кылганы жатабыз деп маалымдаган болчу. (SA)

XS
SM
MD
LG