Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Копенгагенде Кыргызстан төрт демилге көтөрдү


Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча Мамлекеттик агенттиктин директору Арстанбек Давлеткелдиев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Копенгагенде өткөн глобалдык климаттын өзгөрүүсү тууралуу Улуттар Уюмунун конференциясында Кыргызстандык расмий топ төрт демилге көтөрдү. Алар: чакан тоолуу өлкөлөрдүн коалициясын түзүү, аларды колдоо үчүн атайын кор түзүү, чоң ГЭСтерди таза экологиялык өнүгүү механизмдерине киргизүү жана чакан тоолуу өлкөлөрдөгү токойлорду жана биотүрдүүлүктү өнүктүрүүнү дүйнөлүк программага киргизүү.

А. Давлеткелдиевдин белгилешинче, Копенгагендеги жыйын күтүлгөн жаңы келишимге жетише алган. Киото протоколун алмаштыра турган жаңы келишимди түзүү 2010-жылы Мексикадагы боло турган конференцияда каралат.

Талаш-тартышка бай болгон дүйнөнүн 190дон ашуун өлкөсү катышкан Копенгаген жыйыны глобалдык климаттын жылышын эки даражадан өткөрбөө тууралуу формалдуу макулдашуу менен аяктаган. (GA)

XS
SM
MD
LG