Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

“Азаттыктын” кабарчылары – “Жылдын эң мыкты жаш журналисти” наамын алышты


Ош облустук мамлекеттик акимчилиги уюштурган атайын сынакта 2009-жылдын жыйынтыгына ылайык “Азаттык” үналгысынын жаштар берүүсүнүн Оштогу кабарчысы Жанарбек Акаев жаштар тарабынан уюштурулган иш-чараларды коомчулукка ыкчам жана калыс чагылдырып, жаштар жаатындагы эң мыкты уктурууларды даярдагандыгы үчүн “Жылдын эң мыкты журналисти” деп таанылды.

“Азаттык” үналгысынын дагы бир кабарчысы Элеонора Мамбетшакирова жана үналгы жамааты жаш укук коргоочулардын ишмердүүлүгүн чагылдырганы жана маалыматтык колдоо көрсөткөнү үчүн “Жаш укук коргоочулардын таянычы - 2009” сыйлыгына журналистика багыты боюнча татыктуу болду.

Кесиптештерибизди сыйлыктары менен куттуктап, ишине чыгармачылык ийгилик тилеп, калеми курчуй беришин каалайбыз. (ATo, GA)

XS
SM
MD
LG