Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Нарында 28 айыл округ башчысы шайланды


Нарын облусу боюнча айылдык кеңештердин депутаттарынын элегинен өтүп ,шайланган 28 айыл округ башчылардын үчөө айымдар. Алар Ак-Талаа районунун Ак-Тал жана Үгүт, Кочкор районунун Соң-Көл айыл округ башчылары. Ал эми 8 айыл округ башчылары кайрадан ишеним алышкан. Жаңы шайланган айыл округ башчылардын улуусу Нарын районундагы Учкун айыл округ башчысы Мирбек Жумагулов 57 жаш куракта болсо, эң жашы - ушул эле райондогу Миң-Булак айыл округ башчысы Турарбек Шоңкоев 28 жашта. Бул маалыматтар Нарын облустук акимчиликтин аппарат жетекчиси Бейшенаалы Боогачиевден алынды. (KUs)

XS
SM
MD
LG