Бул тууралуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда Башкы прокуратура 25-декабрда Казакстандын Башкы прокуратурасына Г.Павлюктун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча маалымат берүүсүн өтүнүп расмий кайрылган. Азырынча Казакстандын Башкы прокуратурасынан жооп күтүлүүдө.
Буга чейин Казакстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Алматыда мерт болгон кыргыз жараны Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу тергеп-тескөө амалдарынын натыйжасында бул кылмышка Кыргызстандын бир канча жарандарынын тиешеси бар экени аныкталганын маалымдаган. Ошондой эле бул окуя боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында казак полициясы тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканы, аны менен бирге топтолгон маалыматтар менен далилдерди кыргыз тараптын тиешелүү кызматтарына берүү маселеси чечилип жатканы айтылган.
Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюкту 16-декабрда Алматынын Фурманов көчөсүндөгү №77 көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан белгисиз бирөөлөр ыргытып жиберишкен. Ал ооруканада оор абалда эсине келбей жатып, 22-декабрда кайтыш болгон эле.
Кыргызстандык оппозициялык саясатчылар журналисттин өлүмүн кесиптик ишмердиги менен байланыштырып, бул ишти саясий буюртма катары баалашууда. (AJ)