Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Ш.Дүйшеев С.Мамбеталиев атындагы сыйлыкты алды


“Азаттык-Медианын” баяндамачысы, Эл акыны Шайлообек Дүйшеев ардагер калемгер Сулайман Мамбеталиев атындагы сыйлыктын ээси болду. Лауреаттык дипломду жана акчалай сыйлыкты Журналисттер союзунун жетекчиси Абдыкадыр Султанбаев тапшырды. 1998-жылы Журналисттер союзу жана Нарын облустук журналисттер уюму 45 жыл өмүрүн басма сөз кызматына арнаган ардагер Сулайман Мамбеталиев атындагы сыйлыкты уюштурган. Быйыл бул сыйлыкка Шайлообек Дүйшеев менен “Теңир-Тоо” гезитинин кабарчысы Жусуп Акыев татыктуу болду. Жалпысынан бул сыйлык менен 14 журналист сыйланган. (AJ)

XS
SM
MD
LG