Премьер-министр Данияр Үсөнов Өзбекстанда эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен жетинчи кеңешмеге катышып келди. Ал Өзбекстандын президенти жана премьер министри менен жолугушуп бир катар маселелерди сүйлөшүүгө жетишти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Камил Сыдыков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өкмөт башчы Данияр Үсөнов өзбек тарапка келерки жыл үчүн газдын баасын ушул жылдагыга караганда арзандатуусун сунуштады. Быйыл Өзбекстан 1 миң кубометр газды 240 доллардан саткан. “Өзбекстан жаратылыш газынын 1 миң кубометрин канча доллардан сатуусу тууралуу так баа жаңы жылдан кийин анык болот”,-дейт К.Сыдыков.
Ошондой эле кыргыз-өзбек өкмөт башчыларынын жолугушуусунда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси көтөрүлүп, бул боюнча өкмөт аралык комиссия беш жылдык тыныгуудан кийин 28-декабрда Ташкентте өз ишин кайра жандандырган. Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы 900 чакырым чек ара сызылган. Дагы 600 чакырымы такталышы керек. Эки өлкө ортосундагы талаштуу 13 участок бар.
Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, биргелешкен өкмөт аралык жолугушууда өзбек тарап Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу техногоендик жана экологиялык кырсыктарга алып келиши мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирип, Дүйнөлүк банктын камкордугунда эл аралык эспертиза жүргүзүүнү өтүнгөн.
Өзбекстан Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Алтын кум”, “Рахат”, “Дилорам” эс алуу жайларын ижарага алуу маселесин көтөргөн. Бул боюнча комиссия түзүлүп, алты айдан кийин ишинин жыйынтыгын билдирет. (AJ)