Орусия менен АКШ стратегиялык куралдардын санын кыскартуу боюнча жаңы келишимди кабыл алуу боюнча сүйлөшүп жатышат. Анткени буга чейинки келишимдин мөөнөтү 5-декабрда аяктаган. Журналисттер Путинден: “Келишимге жетишүүгө эмне тоскоол болуп жатат?”, - деп сурашса, ал буга Вашингтондун ракетадан коргонуу системасы боюнча пландарын атады.
"АКШ менен балансты сактап калыш үчүн биз чабуул коюучу стратегиялык куралдарды өнүктүрө баштайбыз, - деп айтты Путин. - Проблема ушундан башталат. Балансты сакташ үчүн эки тарап тең бири-бирине маалымат бериши керек. Америка ракетадан коргонуу системасы жөнүндө бизге айтсын, биз болсо стратегиялык куралдарыбыз жөнүндө айтабыз".
Орус премьеринин билдиргенине караганда, Москва өзү ракетадан коргонуу системасын курбайт, анткени бул кымбат, анын үстүнө, натыйжалуулугу далилдене элек.