Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:58

Келишимге кол коюуга АКШнын планы тоскоол болууда


Кошмо Штаттары менен Орусиянын өзөктүк куралдарын кыскартуу боюнча жаңы келишимге кол коюуга Вашингтондун ракетадан коргонуу системасы жаатындагы пландары тоскоол болуп жатат, деп билдирди орус премьер-министри Владимир Путин журналисттерге.

"АКШ менен балансты сакташ үчүн биз чабуул коюучу стратегиялык куралдарды өнүктүрө баштайбыз. Проблема ушундан башталат. Балансты сакташ үчүн эки тарап маалымат алмашуусу керек. Америка ракетадан коргонуу системасы жөнүндө бизге билдирсин, биз дагы стратегиялык куралдарыбыз боюнча маалыматты айтабыз", - деди ал.

Орус премьеринин билдиргенине караганда, Москва өзү ракетадан коргонуу системасын курбайт, анткени бул өтө кымбат, анын үстүнө, анын майнаптуулугу да далилдене элек.

XS
SM
MD
LG