Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:51

Түркмөнстанда кинотеатр кайрадан ачылды


Ашхабадда белгилүү Ватан кинотеатрынын ачылышына президент Гурбангулы Бердымухаммедов өзү катышты. Ватан - түркмөн башкалаасында толук оңдолуп –түзөлгөн соң кайрадан ачылып жаткан кинотеатрлардын бири. 1991-жылы СССР чачырагандан кийин Түркмөнстандын киноиндустриясы да кризиске кабылган. Буга кошумча мурдагы президент Сапармурад Ниязовдун буйругу менен баардык киностудиялар жабылып, адистер ишсиз калган болчу. 2006-жылы Ниязов дүйнөдөн өткөндөн кийин бийликке келген Бердумухаммедов “ Жаңы кайра жаралуу” деп аталган программасын ишке киргизген. Анын алкагында Ниязовдун тушунда жабылган опера, цирк, кинонтеатрларды кайра ачуу да каралган.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG