Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:05

Иракта бүгүнкү бомба чабуулдарынан 27 адам каза тапты


Алардын 20сы өлкөнүн батышындагы Рамади шаарында мерт болду. Жанкечти аймактык өкмөттүн кеңселерине жакын жерде жасаган жардыруудан Анбар провинциясынын губернатору Кассим Мохаммеди кошкондо башка 35 адам да жаракат алды. Полициянын маалыматына караганда, жардырууну эки жанкечти жасаган. Бири жөө жүрсө, экинчиси жардыруучу зат толтурулган автоунаа айдап келген.

Ал эми башкалаа Багдаддан 80 чакырымдай түндүктө жайгашкан Халис деген жерде жол боюна көмүлгөн бомбанын жарылуусунан 7 зыяратчынын өмүрү кыйылып, 25 киши жаракат алды. Алар шийиттердин Ашура диний майрамынан кайтып келе жаткандар эле.

XS
SM
MD
LG