Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

Иран Казакстандан уран импорттоого ниеттенип жатат деген маалыматтарды төгүндөдү


Казакстандан 1350 тонна тазаланган уранды импорттоону көздөп жатат деген маалыматтарды иран тарап бүгүн “негизсиз” деп атады. Бул тууралуу Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттикке мүчө, бирок аты аталбаган өлкө тарабынан даярдалган чалгын маалыматтарынын топтомунда айтылган. Ассошейтед Пресс агенттигинин колуна тийген ал маалыматка караганда, Ирандын Казакстандан уран импорттоосун караган ал соода бир нече аптанын ичине аягына чыгуусу мүмкүн. Бирок Ирандын Улуттар уюмундагы өкүлчүлүгү маалыматы негизсиз жана “жасалма” деп мүнөздөдү.

Казакстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Ержан Ашыкбаевдин айтымында, өлкөнүн уран менен байланышкан иштери МАГАТЭ уюмунун талаптарына ылайык жүргүзүлүп келүүдө.

АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Иан Келли болсо кечээ Иранга тазартылган уранды берүү БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкцияларын ачык бузгандык болорун белгилеген.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG