Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Ноокат районунун мурдагы жетекчилеринин үстүнөн кылмыш иши козголду


Ош облустук бийлигинен билдиришкендей, Ноокат районун 1999-жылы башкарган аким Сүйүн Кадыров, биринчи орун басары Захитжан Абиджанов кызматынан кыянат пайдаланган деп айыпталууда. Маалыматка караганда, мурунку жетекчилер жең ичинен сүйлөшүп, аталган аймактагы Гагарин мектебиндеги буу казанын ноокаттык бирөөөнө жарым миллион сомго сатып жиберишкен. Кылмыш ишин Баткен облустук прокуратурасы тергөөдө. Укук коргоо органдары тарабынан кармалган эки аткаминерди жергиликтүү сот эч жакка чыкпай тургандыгы жөнүндө тил кат алгандан кийин бошотту. Айыпталып жаткан адамдар иштин чоо жайы жөнүндө жооп айтуудан баш тартышты. (ATo)

XS
SM
MD
LG