Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Түркмөнстан эң ири кенди иштетүү боюнча контракты эл аралык консорциумга берди


Курамына Кытай, Түштүк Корея, Бирике Араб Эмираттарынын компаниялары кирген эл аралык концорциум иштетүүчү Түштүк Йолотан кени Түркмөнстандагы эле эмес, дүйнөдөгү эң ири газ корлорунун бири деп эсептелинет. Эксперттердин болжолунда, кенде 6 триллион куб метр көгүлтүр от бар. Мындай кору менен Түштүк Йолотан дүйөнүн төртүнчү же бешинчи ири газ кени болот. Анын иштетүү үчүн эл аралык концорциум менен түзүлгөн контракттардын жалпы наркы 9, 7 миллиард долларга бааланган. Кенди иштетүү укугун алуу үчүн Түркмөнстандын энергия ресурстары үчүн атаандашып жүргөн Батыш, Кытай, Орусиянын компаниялары аракеттенип келген.

XS
SM
MD
LG