Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Казакстан Иранга уран сатпайт


Мындан мурда Казакстан Иранга анын өзөктүк куралды жасашы үчүн уран сатып жатыптыр деген маалымат тарап кеткен, аны кечээ Казакстан дагы, Иран дагы калп маалымат катары жокко чыгарышты. Дүйнөнүн айрым маалымат каражаттары Казакстан Иранга 1350 тонна уран сатканы жатыптыр, андан Иран өзөктүк курал жасайт экен, ал эми Астана ал үчүн 450 миллион доллар алмак деп жазышкан болчу. Кечээ Ирандын Бириккен улуттар уюмундагы өкүлү Рейтер агенттиги билдиргенине караганда, бул маалымат Иранга каршы психологиялык чабуул болуп эсептелет жана ал “ойдон чыгарылган негизсиз” кабар. Андан бир аз мурда коңшу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги да бул маалыматты төгүндөгөн билдирүү тараткан эле.

XS
SM
MD
LG