Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:16

Литва Жаңы жылдан баштап жалгыз АЭСин жабат


Ингалина атомдук электр станциясынын иши Жаңы жылга караган түнү биротоло токтомокчу. АЭСтеги жалгыз реактор өлкөнүн электр кубатына болгон муктаждыгынын 70%ын камсыздачы. Бирок дал ошондой эле реактор 1986-жылы кырсыкка учураган Чернобыль АЭСинде да болгондуктан, Литва курамына кирген Евробиримдик коопсуздук жүйөөсүнөн улам анын ишин биротоло токтотууну талап кылып, Вильнюс буга макул болгон.

Аналитиктердин пикиринде, глобалдык экономикалык кризистен катуу жабыр тарткан Литва буга чейин атомдук электр станциядан алып келген электр кубатынын ордун башка булактар менен камсыздоодо кыйынчылыкка кабылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG