Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

Испания Евробиримдик менен Борбор Азиянын жакын мамилесин жактайт


Мындай пикирин “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун өзбек кызматына Мадриддеги FRIDE уюмунун иликтөөчүсү, Евробиримдиктин Борбор Азияга байкоо ( EUCAM) долбоорунун жетекчилеринин бири Жос Бунстра билдирди. 1-январдан тарта Евробиримдикте алты айга Испания төрагалык кылат. Талдоочу Бунстранын пикиринде, Испания Борбор Азиядагы адам укугун бузууларды сынга алгандын ордуна, эки тараптуу алаканы чыңдоого жана диалогко көңүл бурат.

Өлкө 2007 ЕККУ уюмунда төрагалык кылгандагы тажрыйбаны эске алганда, Мадрид көйгөйлөргө кыйыр түрдө кайрылууга артыкчылык берет. Борбор Азиядан Испаниянын Казакстан жана Өзбекстан менен мамилеси жакшы. Испаниянын Евробиримдиктеги төрагалыгы Казакстандын ЕККУдагы төрагалыгы менен дал келип жаткандыктан, эки уюмдун кызматташтыгы Евробиримдик менен Борбор Азиянын алакасына оң жыйынтык алып келүүсү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG