Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, 31-декабрда Бишкектин тургунунун “Мазда-626” автунаасын күч менен тартып алгандар, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Тегене айылында бычак менен бирөөнү жарадар кылган адам, Балыкчыда бир адамды өлтүрүп, экинчисин оор жарадар кылган адам кылмыштын изи сууй электе милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. (AJ)