Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Мухаммедге карикатура тарткан сүрөтчүгө кол салууга аракет жасалды


Данияда Мухаммед пайгамбарга карикатура тарткан сүрөтчү Курт Вестергордго кол салууга аракет жасалды. Маалыматтарга караганда 28 жаштагы сомалилик жума күнү кечинде колуна балта менен бычак алып, 74 жаштагы сүрөтчүнүн үйүнө кирмек болгон. Курт Вестергорд полиция чакырууга үлгүргөн, алар болсо кол салуучуга ок атышкан, андан ал жаракат алып, ооруканага жаткызылды. Сүрөтчү окуядан жабыркаган жок.

XS
SM
MD
LG