Кечээ Памир тоолорундагы Тоолуу Бадахшан аймагында күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөө болгон. Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги андан өлүм-житим болбогонун айтып жатат. Бирок аймактагы бир топ үйлөр кыйрап, 20 миңдей адам там-жайсыз калды.
Ванж районунун тургуну Махбуба “Азаттыкка”: "Менин кошуналарымдын үйү кыйрап калды. Бир-эки көчө ылдый тараптагы көп үйлөр бузулду. Бизден арыраак жактагы айылдагы үйлөр да бузулуптур", - деди.
Электр зымдары үзүлүп, эки мектеп, бир оорукана бузулганы, жолдор жабылып калганы айтылды.