Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:48

АКШ авиакаттамдардагы коопсуздук чараларын күчөттү


Бүгүнтөн тартып Кошмо Штаттарынын өкмөтү авиакаттамдардагы коопсуздук чараларын күчөтөт. Өзгөчө мындай чара АКШ “терроризмдин очогу катары караган мамлекеттердин” жарандарына карата бекем колдонулат. Атап айтканда эми адамды алаканга салгандай көрсөтө турган сканерлерден тышкары адамдын денеси жана колго көтөргөн жүктөрү дыкат текшерүүгө алынат. Мурда АКШда Куба, Иран, Судан жана Сириянын жарандары өтө кылдат текшерүүдөн өтүшчү. Эми алардын катарына Нигерия, Йемен, Пакистан, Ооганстан, Ливия жана Сомалинин жарандары да кошулду. Террорго каршы күрөш иштери 25-декабрда түбү Нигериялык Умар Фарух Абдулмуталлаб Амстердам-Детройт багытындагы учакты жардырмакчы болгондон кийин күчөтүлүп отурат.

XS
SM
MD
LG