Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

АКШ: «Ал-Каида» Йеменде жаңы терракт камдап жатат


Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обаманын террорго каршы күрөш боюнча кеңешчиси Жон Бреннан ABC телеканалына интервью берип жатып, «Ал-Каида» Йемендин борбор шаары Санаада жаңы террордук акт даярдоого камданып жатат, деп билдирди. Жон Бреннандын айтымында, Йеменде «Ал-Каиданын» жүздөгөн мүчөлөрү бар. Мындан мурда АКШ менен Улуу Британия Йемендеги элчиликтерин коопсуздуктан улам убактылуу жабышкан болчу. Андан мурда АКШ президенти Барак Обама менен Британ премьер-министри Гордон Браун Йеменде террорго каршы атайын топ күч түзүүнү макулдашкан болчу. Террорго каршы күрөш иштери 25-декабрда түбү Нигериялык Умар Фарух Абдулмуталлаб Амстердам-Детройт багытындагы учакты жардырмакчы болгондон кийин күчөдү.

XS
SM
MD
LG