Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Камбар-Ата-2 ГЭСинде суу тосмодон ашкан жок


Бул тууралуу “Нарынгидрокурулуштун” жетекчиси Альберт Абазбеков бүгүн “Азаттыкка” билдирип, суу тосмодон ашып кетти деген айрым маалыматтарды төгүндөдү. Анын айтымында, кыртыш бекем отурганга чейин суу жылжып 3 жылга чейин агып турат, бул кадыр эсе көрүнүш.

“ГЭСтеги жардыруу менен тосулган тосмонун бийиктиги 40 метрден 60 метрге чейин болуш керек эле, тоону жардыруу ыкмасы менен тосулгандан кийин тосмонун бийиктиги 40 метрге чукул болду. Учурда ал жерде 20 млн. кубометр суу топтолду. ГЭСтеги иш жаңы жылда дагы токтогон жок”,- дейт Альберт Абазбеков.

Ал ошондой эле жылына бул мезгилде секундасына 130 кубомтер суу агып турса, ушул тапта секундасына 200 кубометр суу агып жатканын билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG