Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:02

Тажикстанда зилзаладан жапа чеккендерге жардам берилүүдө

Тажикстандын жер титирөөдөн жабыркаган аймактарында жардам берүү иштери уланууда. 2-январда өлкөнүн түштүк-чыгышында күчү 5,3 баллга жеткен зилзаладан 20 миңдей киши үй-жайсыз калган. Курман болгондор жок деп маалымдалууда. Табигый кырсыктан өзгөчө көп зыян тарткан Ванж облусунун администрация өкүлү билдиргенине караганда, 1 миңге жакын турак жай урап, керектен чыгып калды. Үйсүз калгандар мектеп, башка коомдук жайларга убактылуу жайгаштырылды.
XS
SM
MD
LG